Таластын Кара-Буура районунун тургундары Көк-Сай айылындагы "Быстроток"
каналын ачышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Гүлназ Атантаева билдирди. Суу канал 17-июль күнү кечинде ачылды. Ал жерге коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов, облус башчысы Койсун Курманалиева барып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.