Ак үйдө КРнын шайлоо системин өркүндөтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ электрондук шайлоо боюнча жыйын өткөрүүдө
Бүгүн,
18-июлда Ак үйдө КРнын шайлоо системин өркүндөтүү боюнча түзүлгөн жумушчу
топ электрондук шайлоо боюнча жыйын өткөрүүдө. Электрондук шайлоо боюнча
өздөрүнүн жабдууларын көрсөтүү үчүн чет өлкөлүк 3 компания арыз
берген. Алар: АКШдан жана Испаниядан келген “Белвейзер форум”, “Смартматик”, “Сайтл”
компаниялары. Бул иш-чара шайлоо процессин өркүндөтүү, 2015-жылы
парламенттик шайлоолорду жана кийинки шайлоолорду ак ниетте ачык камсыз
кылуу максатында президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган жарлыкка
ылайык өткөрүлүүдө. Жыйынды Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев ачып,
алыстан келген компаниялардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.