Өлкө борборунда "Тынчтык кербени" аттуу иш-чара болот

19-июлда ЮСАИД уюмунун "Кыргызстанда максаттуу талдоо жана коомдук иш-аракеттер аркылуу жаңжалдарды азайтуу" долбоорунун алкагында "Тынчтык кербени" аттуу иш-чара болот. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктор катышат. Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын максаты  - аймактардагы көйгөйлүү маселелерге көңүл буруу жана маалымдоо, аймактар аралык туруктуу диалогдун деңгээлин жакшыртуу. Чакырылган коноктор үчүн түштүк аймактагы сугат, жайыт көйгөйлөрүн чечүү жолдорун чагылдырган атайын сүрөт көргөзмө тартууланат. Ошондой эле "Тынчтык кербенин" өткөрүү учурунда түштүк аймактарга таандык тамактарды дегустациялоо, концерттик программа, театр оюндары көрсөтүлөт.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан