16-июль күнү вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Токтогул ГЭСинде болду. Анда Сарпашев ГЭСтин иш алып баруусу менен таанышып, учурдагы абалы тууралуу маалымат алды. Аталган ГЭСтин директору Узакжан Атагараевдин айтымында, ГЭСтеги суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз. 17-июлга карата Токтогул ГЭСине суунун агып келиши 658 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 219 кубду тузгөн. “Суунун агып кирүүсү азайгыча 15 миллиарддан ашык суу топтоону болжолдоп жатабыз. Учурда суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн агып чыккан суунун көлөмүн азайтуудабыз”,- дейт Атагараев .