Кыргызстан Индиядан буйволдун этин алуудан баш тартты
Кыргызстан Индия сунуштаган буйволдун этин жана жумуртка порошогун алуудан баш тартты. Бул маалыматты 18-июлда Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Агромаркетинг жана өнөр жай коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков айтты. Айтымында, Кыргызстандагы эттин сапаты талапка жооп берет, ал эми буйволдун этинин сапаты белгисиз. Ал эми кыргызстандыктар таза жумуртка колдонгондуктан, жумуртка порошогун алып келүүнүн зарылчылыгы жок.