Өлкөдө Кыргыз-Индия университети ачылабы?

Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 18-июлда Индиянын соода жана өнөр жай министри  Дагубати Пурандесвари менен жолугушууда, ага Кыргызстанда Кыргыз-Индия университетин ачуу сунушун айтты. Оторбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда миңден ашык индиялык студент билим алууда жана алар жыл сайын жашоо үчүн көп акча коротууда. "Кыргыз-Индия университетин ачууну сунуштайм. Бул багытта бизде тажрыйба бар, мисалы, АУЦА, Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети иштеп жатат",- деди Оторбаев. Ал эми Пурандесвари дароо университет ачууга Индия тараптын мүмкүнчүлүгү жок экенин, бирок бул сунушту карап көрүшө турганын билдирди.

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан