"Аттестациядан өтпөй калган МАИ кызматкерлери боюнча Жогорку Кеңештен, ИИМден телефон чалышты" дейт ИИМдин Байкоочу кеңешинин төрагасы

"Аттестациядан өтпөй калган МАИ кызматкерлери боюнча Жогорку Кеңештен жана ИИМден телефон чалышып, алардын маселеси боюнча суранышты",- деди ИИМдин Байкоочу кеңешинин төрагасы Алихан Рустамов 18-июлдагы маалымат жыйында. Айтымында, аттестацияда МАИ кызматкерлеринин жеке адамдык жана кесипкөйлүк сапаттары текшерилди. "Сынакка катышкан ар бир МАИ кызматкери менен күчтүү дебат жүрдү. Биз баарына бирдей мамиле жасадык",- дейт Рустамов. Айта кетсек, учурда аттестациядан өтпөй калган ондогон МАИ кызматкерлери сынак калыс өтпөгөндүгүн айтышып нааразы болушууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан