"Узтрансгаз" ишканасы Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын бере баштады

"Узтрансгаз" ишканасы Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын бере баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда "Кыргызгаз" ишканасынын башкы директорунун орун басары Куралбек Наскеев билдирди. Айтымында, көгүлтүр отту берүү эмне себептен токтотулганы белгисиз. “Өзбек тарап себебин айткан жок. Балким, техникалык себептерден улам банктык эсепке акча которууда мүчүлүштүк кеткендир. Алар карыз бар деп ойлоп газ берүүнү токтотуп коюшкан окшойт. Биз Өзбекстанга факс аркылуу акча төлөнгөндүгү тууралуу билдирүүнү жибергенде кайрадан газ бериле баштады”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан