Аттестацияга 775 МАИ кызматкери катышып, анын 171и өтпөй калды

"Кыргызстанда аттестациянын жыйынтыгы менен 171 МАИчи кызматына татыктуу эмес деп табылды",-деп билдирди Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талант Исаев 18-июлда маалымат жыйында. Ал билдиргендей, 1126 жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкеринин ичинен 775и аттестациядан өттү. "Комиссиянын чечими менен 393 кызматкер ээлеген кызматына татыктуу, 171 кызматкер кызматына татыктуу эмес деп табылды. 116 кызматкер 6 айдан кийин кайрадан сынактан өтөт, ал эми белгилүү себептер менен аттестацияга 52 МАИчи катышкан жок",- деди Исаев. 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан