Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусу менен Токтогул районунда жаңы каналдын ачылышы болду

17-июлда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында жаңы курулган каналды ишке берүү аземи болду. Ага вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышып, кызыл тасма кести. Маалыматка ылайык, аталган аймактын жайыттарын сугарууга 40 жылдан бери суу жетпей, тартыш болуп келген. Тоо башынан аккан сууну кармап калуу үчүн курулган бул каналга атайын фонд тарабынан 53 миллион сом бөлүнүп, ал аркылуу 970 гектар жер суу менен камсыз болуп баштады. Мындан сырткары каналдын суусунун бир бөлүгү жер астынан алынып өтүп, айылдын ортосунан чыгып ал жердеги сугат иштерин да жеңилдетет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан