Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында балдар лагери ишке кирди. Райондук администрациядан билдиришкендей, учурда ал лагерде 60 мектеп окуучусу эс алууда. Алардын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары бар. Ошондой эле райондун Сары-Челек айылында да балдар лагери ачылып, ал жерде 40 бала эс алып жатканы айтылды.