"Мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин мажбурлап үйрөтүү зарыл" дейт филолог Сагия Досоева

Мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин мажбурлап үйрөтүү зарыл. Мындай пикирин бүгүн, 19-июлда Мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйынында аталган топтун мүчөсү, филолог Сагия Досоева билдирди. Анын айтымында, кыргыз тилин билген кызматкерлер үчүн айлык акы жогору болушу керек. Мындан сырткары кыргыз тилин башка улуттарга үйрөтүү үчүн атайын курстарды ачуу зарылчылыгы турат. "Тилди өнүктүрүү үчүн кыргыз-англис, кыргыз-кытай, кыргыз-түрк жана башка сөздүктөрдү көбөйтүү керек. Кыргыз тилин чет тил катары үйрөтүү үчүн атайын мамлекеттик борбор ачып, ал жерде сабак берген мугалимдерди чет өлкөгө тажрыйба алмашууга жиберүү зарыл",- дейт Досоева.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан