Бүгүн, 23-июлда Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуусуна өзбек ММКлары Кыргызстанды айыптаган материалдарды жарыялоодо. Podrobno.uz. сайты "кыргыз чек арачылары мас болушуп, өзбек кесиптешин атып салышты" деп жарыялады. Бирок материалды жарыялаган сайт Өзбекстандын расмий органдарынын эч бирине шилтеме берген жок. Андыктан бул маалыматты окуяга байланыштуу расмий Ташкенттин көз карашы катары кароого болбойт. Аталган маалымат булагы: "Чек арада кезектеги кандуу окуя болуп, буга адаттагыдай эле кыргыз тарап күнөөлүү болду. Тишине чейин куралданган кыргыз чек арачылары өзбекстандын аймагына кирип келишип, эч себеби жок эле ок атышкан",- деп жазды. Октон жаракат алган дагы бир өзбек чек арачысы учурда ооруканада, абалы оор экен.
Эскерте кетсек, бүгүн Аксынын "Жетизагара" чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, бир өзбек чек арачы каза тапкан. Жаңжалды өзбек тарап баштаганын КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.