Быйыл октябрь айынан баштап пенсия 10 пайызга жогорулайт
Быйыл октябрь айынан баштап пенсия 10 пайызга жогорулайт.
Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Социалдык
фондунун башкармалыгынын кеңейтилген отурумунда белгилүү болду. Анда учурда өкмөт
пенсияны жогорулатуу үчүн каржы булактарын издеп жаткандыгы белгиленди.
Маалым болгондой, пенсиянын көлөмү жашоо минимумуна чейин жогорулатылмакчы. Ал эми былтыр
пенсия эки этап менен жогорулагандыгы айтылды.