Орусиялык аскерлерге Кыргызстанда эс алууга тыюу салынды

Орусиялык аскерлерге Кыргызстанда эс алууга тыюу салынды. Жергиликтүү маалымат булактары кабарлашкандай, Орусиянын башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов кол койгон буйрукка ылайык, мамлекеттик сырларды билген Коргоо министринин кызматкерлерине 39 мамлекетте гана эс алууга болот. Бул өлкөлөрдүн катарына Греция, Түркия, Куба, Финляндия жана башкалар кирген. Ал эми  Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Грузия, Латвия, Литва, Эстония мамлекеттеринде Орусиянын мамлекеттик сырларын билген аскерлери эс ала алышпайт. “Себеби жогоруда аталган өлкөлөрдө саясий стабилдүүлүк жок болгондуктан Орусияга коркунуч туудурушу ыктымал. Абалы туруксуз болгон мамлекеттерде баскынчылар аларды уурдап кетип, Орусияга тиешелүү маалыматты билип алышы мүмкүн”,- деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан