Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ичеги оорулары менен жабыркагандардын саны 8000ге жетти

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ичеги оорулары менен жабыркагандардын саны 8000ге жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу бул ооруга кабылгандардын саны 17 пайызга азайган. Ичеги оорусу менен ооругандар Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында көп катталган. Ал эми учурда 14 жашка чейинки балдар арасында оору күч алууда. Жаш балдар ичеги ооруларына кабылгандардын 84 пайызын түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан