Аксыдагы чек арачылардын атышуусу Өзбекстандын аймагында болгонун өзбек ММКлары жарыялашууда
Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан каза
болгон жаран өзбекстандык кенже сержант Р.Толипов экендигин өзбекстандык ММКлар жарыялашты. Ал эми жаракат алган Т.Жураевге
Наманган облусундагы ооруканада операция жасалып жаткандыгы, абалы оор
экендиги кабарланды. “Окуя Өзбекстандын аймагында болду. Кыргыз чек
арачылары Өзбекстан тарапка өткөндө, өзбек чек арачылары алардан
мамлекеттин аймагынан чыгып кетүүнү талап кылышып, бирок кыргызстандыктар макул
болушпай, биринчи ок чыгарышкан. Бул окуяга байланыштуу Өзбекстандын Чек араны
коргоо комитети Кыргызстандан түшүндүрмө берүүнү талап кылууда”,- деп жазылган
маалыматта. Эске сала кетсек, бүгүн, 23-июлда Аксы районунун "Жетизагара" чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, бир өзбек чек арачы каза тапкан. Жаңжалды өзбек тарап баштаганын КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.