Учурда өлкөдөгү ЖОЖдордо бюджеттик 1030 орун бар

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундары үчүн 3-турга карата 1030 орун калды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бүгүн, 23-июлда билдирди. Ошондой эле ал кайсы адистиктер боюнча гранттык орундар толбой жаткандыгын айтты. Айтымында, физика, математика, курулуш, транспорт жана тоо өнөр жайы адистиктерине орундар толо элек. “Биз көп орун бердик, анткени бул биздин приоритет. Документин тапшырып, бирок предметтик тесттен өтө албай калган абитуриенттер бар. Мындан улам предметтик тесттин баллдарын төмөндөтүү сунуштары болууда”,- дейт министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан