2013-жылдын 6 айында Талас облусунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ар кандай иш-аракеттер жүргүзүлдү. 6 ай ичинде облустук прокуратура органдары тарабынан бул багытта 65 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 24 кылмыш иши козголгон. Териштирүүдө облуска 1 миллион 628 766 сомдук зыян келтирилгени аныкталып, анын 431 938 сому же 34 пайызы өндүрүлгөн. Ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан коррупцияга байланыштуу 14 кылмыш ишинин бети ачылып, келтирилген зыяндын 98 748 сому кайрадан ордуна коюлган.