Египеттин экс-президенти Мурси дайынсыз. Жакындары Эл аралык сотко кайрылууну көздөп жатышат

Египеттин экс-президенти Мухаммед Мурсинин (сүрөттө) жакындары Эл аралык сотко кайрылууну көздөшүүдө. Учурда Мурсинин үй-бүлөсү экс-президенттин кайсы жакта экенин билишпейт жана аны уурдап кетти деп эсептеп, азыркы бийликти күнөөлөп жатышат. Мурсинин балдары атасынын дайынсыз жоголгонун иликтөөгө киришип жатканын өлкөнүн ММКлары жарыялоодо. Айта кетсек, экс-президент 3-июлда аскердик төңкөрүш учурунда кармалып, буга чейин анын коопсуз аймакта кармалып турганы айтылып келген.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан