Экономикалык жана юридикалык багытта билим алгысы келген абитуриенттерге бул жылы бюджеттик орун берилбей тургандыгын билим берүү жана илим министри Канат Садыков бүгүн, 23-июлда ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу учурунда билдирди. “Ошондой эле эл аралык мамилелер факультетине дагы бюджеттик орундар берилбейт. Себеби өлкөдө аталган кесиптердин ээлери абдан көбөйүп кетти. Ал эми мамлекетте болсо техникалык адистер жетишсиз болуп жатат”,- деди Садыков. Ошондой эле министр тоо-кен тармагындагы адистерди даярдоочу ЖОЖдорго 210 бюджеттик орун бөлүнгөнүн билдирди.