Токон Мамытов: "Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуусунда кыргыз чек арачылары мас болчу деген маалымат тактала элек"

"Өзбек тарап Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуусун мас болгон кыргыз чек арачылары баштады деген маалымат таратып жатат. Бул туура эмес, азырынча кыргыз чек арачыларынын мас экендиги тууралуу так маалымат жок",- деп билдирди КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов. Айтымында, учурда бул доомат боюнча чек арачыларды медициналык экспертизадан өткөрүү тапшырмасы берилди. "Окуя боюнча Өзбекстан тарап да, биз да териштирүү жүргүзүп жатабыз. Жакында эки тараптын жолугушуусу болот. Ошондо бир жыйынтыкка келебиз",- деп кошумчалады Мамытов. Учурда окуя болгон жерде Ош жана Жалал-Абад облусундагы аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчиси Абдыкерим Алимбаев териштирүү жүргүзүп жатканы кабарланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан