Жалал-Абад. "Жетизагара" чек ара бекетинин аймагында абал туруктуу

Учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Жетизагара" чек ара бекетинин аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу аталган райондун акими Медет Айдаралиев билдирди. Акимдин айтымында, тийиштүү жетекчилер учурда Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Дерес айылынын тургундары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Эскерте кетсек, аталган чек ара бекетинин аймагында бүгүн, 23-июлда кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу чыгып, бир өзбек чек арачысы каза тапкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан