Экспертиза: Аксыда өзбек чек арачыларына ок чыгарган кыргызстандык чек арачылар спирт ичимдиктерин колдонгон эмес

Кыргызстандын "Жетизагара" чек ара бекетинде болгон окуя тууралуу Өзбекстан тараткан маалыматтар калп экенин КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя Өзбекстандын эмес, Кыргызстандын аймагында болгон жана өзбек чек арачыларын ок чыгарган кыргыз чек ара кызматкерлери мас абалында эмес болчу. Алардын спирт ичимдиктерин колдонбогонун жүргүзүлгөн медициналык экспертиза далилдеди. “Биринчилерден болуп куралды Кыргызстанга кирип келген өзбек чек арачылары колдонгон. Учурда тиешелүү органдар күбөлөрдү жана чек ара кызматкерлерин суракка алып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстандан териштирүү иштери бүткүчө жалган маалыматтарды таратпоону суранат”,- деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан