Депутат Өмүрбек Текебаев Талас облусунун жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү

“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондорунун жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы 23-июлда билдирди. Жолугушуу учурунда шайлоочулар айыл чарба маселелерин козгошуп, өндүрүлгөн продукцияны сатуу жагдайына басым жасашты. Мындан сырткары чек араны тактоо, калкты суу менен камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлөр  жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин мазмунун түздү. Облуска болгон иш сапары учурунда депутат Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” партиясынын конференциясына катышып, партиянын мүчөлөрүнө жаңы үлгүдөгү партбилеттерди тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан