Президент Алмазбек Атамбаев Жети-Өгүздөгү жол кырсыгында каза болгон жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү тууралуу жарлыкка кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев Жети-Өгүз районунда болгон жол кырсыгында каза болгон жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү тууралуу жарлыкка бүгүн, 24-июлда кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, материалдык жардам көрсөтүү президенттин резервдик фондунан бөлүнмөкчү. Учурда канча сомдук жардам берилери тууралуу маалымат айтыла элек. Эске сала кетсек, 23-июлда Жети-Өгүз районундагы Кытай айылында кичи автобус жол жээгиндеги бакты сүзүп, кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болуп, 8 адам жаракат алган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан