15-августта Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Замандаш” ассоциациясынын 10 жылдык мааракесинин салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Ооганстан, Тажикстан, Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Түштүк Корея, Испания, Малайзия, Канада, Польша, Чехия, Иран, Италия, Египет, Германия, Япония сыяктуу дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 300дөн ашуун делегат, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Мындан сырткары президенттик аппараттын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустарынын, консулдук мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Келген коноктор өлкөнүн алдынкы искусство чеберлеринин концерттик программасына күбө болушат. Мааракенин уландысы 16-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өтүп, ассоциациянын мүчөлөрүнүн жана диаспора уюмдарынын ишмердүүлүгүнө арналган атайын программа уюштурулат. Иш-чара 17-августка чейин созулуп, акыркы күнүндө Чолпон-Ата шаарындагы Көлбаев атындагы ипподромдо ат оюндары менен улуттук оюндар орун алат. 10 жылдыкка арналган жалпы байге фонду 1 миллион сом экендиги белгилүү болду.