Жайыл районундагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнүн ашканасы жана оор абалдагы оорулуулар кармалуучу бөлүгү оңдоодон өткөндүгүн бүгүн, 24-июлда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле бул жайдын бакчасы да кеңейтилген. Маалыматка ылайык, учурда ал жерде 18ден жогорку жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 250 айым бар. “Жатак үйдө окуу жана музыкалык класстары, китепкана жана эс алуучу бөлмөлөр да бар”,- деп жазылган билдирүүдө.