Кримавторитет Алманбет Анапияевдин жактоочусу ИИМди күнөөлөдү

Кримавторитет Алманбет Анапияевдин жактоочусу Самат Заков бүгүн, 24-июлда кардарына байланыштуу жалган маалымат таратты деп ИИМди күнөөлөдү. Кечээ ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев Москвадан Анапияевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 7 мүчөсү кармалганын билдирген болчу. Жактоочунун айтымында кардары эч кандай уюшкан кылмыштуу топтун лидери эмес. "Январь айында Ошто өлтүрүлгөн полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө да, катыштыгы бар деп Анапияевди күнөөлөгөн. ИИМ жалган маалымат таратып Анапияевдин аброюна шек келтирип жатат. Коомчулук Анапияевди түштүктөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары кабыл алып жатышына тынчсыздануудабыз",- дейт жактоочу. Бул жалган маалыматтарга көңүл бурууну өтүнүп президент менен өкмөт башчыга кайрыла турганын да кошумчалады Заков.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан