- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык жол-кайгуул кызматынын инспектору Азизбек Абдуллаевдин билдиришинче, 2013-жылдын 6 ай аралыгында жол эрежесин бузуу фактысы былтыркыдан аз катталды. Тактап айтканда, жыл башынан бери жол эрежесин бузуу фактысы боюнча 2 152 административдик протокол түзүлүп, мас абалында рулда отурган 69 айдоочуга айып салынган. Былтыр бул көрсөткүч 72ни түзгөн.
-