АКШ: Британиялык ханзаада Уильямдын жаңы төрөлгөн уулун "өлүк" деп жарыялап CNN каналы эфирден чоң катачылык кетирди
Ханзаада Уильям жаңы төрөлгөн уулу менен
Америкалык CNN телеканалынын эфиринде кокустуктан британиялык ханзаада Уильям менен жубайы Кейт Миддлтондун жаңы төрөлгөн ымыркайынын өлүмү тууралуу маалымат чыгып кетти. "The Washington Times" гезитинин кабарчысы Жозеф Керл телеканалда ымыркайдын төрөлүшү тууралуу жаңылык берилип жаткан учурда экрандан "Ымыркай өлүк деп айтылды" деген жазууну көрүп калган. Журналист аны сүрөткө тартып алып интернеттеги баракчасына жайгаштырган. "CNN ханзааданын уулунун төрөлүшү боюнча жаңылыкты сонун даярдаган, бирок бүттү, биздин эсибизде титрдеги олчойгон ката калат",- деп жазды Керл. Айта кетсек, дүйшөмбү күнү Улуу Британияда өлкөнүн болочок падышасы төрөлгөн. Азырынча ымыркайга ата-энеси кандай ысым ыйгара турганы белгисиз. Тотализатор бюролорундагы эң популярдуу ысым Жорж жана Жеймс болуп жатканы белгилүү болду. Ал эми букмекер кеңселеринде буга чейин ымыркайдын жынысы жана болочоктогу ысымы боюнча акча саюулар болуп, 1 миллион фунт стерлинг чогулуптур. Өлкөдө бир дагы спорттук оюн үчүн мынчалык көп суммадагы акча чогулган эмес экен.