Покровкадагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоочу жатак-үйүнүн тарбиялануучулары Бишкекке алынып келинет

24-июлда Социалдык өнүктүрүү министрлигинде Покровкадагы (Талас) мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоочу жатак үйү тууралуу ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болду. Комиссия аталган жайдагы абалды текшерип чыккан соң ал жерде багылып жаткан балдарды Бишкекке алып келүү чечимин чыгарышкан. “Ал жатак-үй Таласта болгондуктан, адистердин жетишсиздигине байланыштуу, ал жайда тарбияланып жаткан балдарга тиешелүү медициналык кам көрүлбөй калат экен. Ошондой эле балдар кинотеатрларга, циркке, көргөзмөлөргө, деги эле маданий иш-чараларга катыша алышпай калат экен”,- деди Жаш укук коргочулар тобунун өкүлү Ольга Коржова. Жыйындын соңунда бул маселени чечүү үчүн атайын долбоор иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан