Жалал-Абад. Чаткалда кыргыздар менен кытайлардын ортосунда чыр чыкты
Жалал-Абаддын Чаткал районундагы "Альянс" компаниясында иштеген кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда жаңжал чыкты. Окуя 24-июлда болду. Маалыматтарга таянсак, "ичүүчү сууну булгабагыла" деп компанияга барган жергиликтүү тургунду ишканада иштеген кытайлар сабап салышкан. Учурда жергиликтүү бийлик башчылары, укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерде териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми "Альянс" компаниясынын аткаруучу директору Абдысейит Каримбеков: "Окуя жумуш учурунда болгон. Фирманын кызматкерлери менен жергиликтүү жашоочулар өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда абал тынч",- деп билдирди.