Жети-Өгүз районунда автокырсыктан каза болгон 14 жаран бүгүн, акыркы сапарга узатылат. Буга байланыштуу райондо бул күн аза күтүү күнү деп жарыяланып, бүгүнкүгө белгиленген бардык маданий иш-чаралар токтотулду. Райондо окуяга байланыштуу атайын фонд түзүлүп, райондогу бардык мекемелердин кызматкерлери бир күндүк айлык акысын фондго бөлө тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.