Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев 24-июлда Жети-Өгүз районунун Кытай айылында жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана өзүнүн атынан көңүл айтты. Ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана кырсыктан жабыркагандарга президент бөлгөн акчалай жардамды тапшырды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон, жабыркагандарга 20 миң сомдон жардам берилди.