Дубай шаарында 22-июль күнү Куран окуу боюнча эл аралык сынак өтүп, анда 29 жаштагы ирактык тургун Хуссаин Аднан Сабри өзгөчө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн жергиликтүү ММКлар жарыялашты. Маалыматка ылайык, акылы жакшы өрчүбөй калган Сабри жазганды билбейт, Курандан башка китептерди шар окуй албайт, онго чейин санаганды да билбейт. Күнүмдүк жашоодо ал 3 жашар баладан айрымасы жок. Бирок буга карабастан, ал Курандагы ар бир аятты жатка билет жана Курандын ар бир барагында жазылган акыркы жана алгачкы аяттарды такалбастан айтып бере алат. “Анын акылынын жакшы өрчүбөгөнүнө карап тыянак чыгара турган болсок, бул Алла берген кереметтүү жөндөм”,- деп билдирген сынак өткөн мечиттин имамы Хассан аль-Шейх. Ошондой эле Сабри Курандагы уңгулары окшош болгон сөздөр китептин кайсы жеринде жайгашканын да айтып бере алат. Сабринин агасы Аль-Абдали инисине тамгаларды үйрөтүүгө жардам бергенин жана ал Куранды баштан аяк 5 саатта окуп бүтөрүн билдирген.