Айыл чарба жана мелиорация министрлиги дан эгиндерин чогултууга күйүүчү май жетиштүү экендигин билдирди

Быйыл дан эгиндерин жыйноого 42,9 миң күйүүчү май керектелет деп белгиленген. Учурда өлкөдө 25,2 миң тонна май бар. Бул көрсөткүч керек болгон көлөмдүн 58,7 пайызын түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда маалымат жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев билдирди. Айтымында, күйүүчү май Чүй, Талас облустарында арзан, анын бир литрге болгон баасы бул облустарда 39,5-38,5 сомду түзөт. Ал эми ушул эле майдын баасы Баткенде литрине 43,1 сом. “Учурда бизде бар болгон күйүүчү май түшүмдү үзгүлтүксүз жыйноого жетет”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан