Бүгүн, 25-июлда Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаарындагы бөлүмү ачылганы тууралуу жыйын болуп өттү. Иш-чарага агенттиктин жетекчилиги, Ош шаарынын вице-мэри жана башкалар катышты. Учурда агенттиктин Жалал-Абадда 4, Баткенде 3, Ош шаарында 3 кызматкери бар. Ош шаарындагы бөлүмүнө башчы болуп Арзыбек Жунусов дайындалды. Соңунда алып сатуучулардын товарга койгон бааларын жөнгө салуу боюнча журналисттердин суроолоруна иш-чаранын катышуучулары жооп беришти. Бөлүм Ош шаарынын Араван кичи районундагы Ленин көчөсү-318 дарегинде жайгашкан.