Жалал-Абад. Чаткалдагы "Альянс" компаниясында 24 кыргыз, 31 кытай жараны иштейт

24-июлда жаңжал чыккан Чаткал районундагы кытайлык "Альянс" компаниясы Терек-Сай айылында жайгашып, анда 24 кыргыз, 31 кытай жараны иштейт. Компания алтын казуу иштери менен 1 айдан бери алектенип, лицензиясынын мөөнөтү 20-июлда бүткөн. Учурда анын мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын аталган айылдагы ишенимдүү булактарыбыз билдиришти. Айта кетсек, 24-июлда "таза сууну булгабагыла" деп компанияга барышкан жергиликтүү тургундарга биринчи болуп ал жерде иштеген кытайлар кол көтөргөн. Сүйлөшүүлөрдү уюлдук телефонуна тартып жаткан жаранды кытай кызматкери уруп жиберген. Натыйжада 10 кытай жараны сабалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан