Бүгүн, 25-июлда Бишкектин Биринчи Май районундагы Патриса Лумумбы көчөсүндө жаңы бассейн ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бассейн калкты сергек жашоого, дене тарбия жана спортту сүйүүгө үгүттөө, ошондой эле балдардын, өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун жогорку деңгээлде уюштуруу максатында ишке киргизилди. Бассейн демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ачылып, ал жерден балдар сууга бекер түшө алышат. Бассейнди курууга 32 миң доллар жумшалган.