Жалал-Абад. Кадыржан Батыровдун "Курулуш материалдары комбинатын" тоноп жүргөн жаран кармалды

2010-жылдагы Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад шаарындагы "Курулуш материалдары комбинаты" ишканасынан курулуш каражаттарын уурдап сатып жүргөн жаран кармалды. Кылмышка айыпталуучу - Сузак районунун Дөмөр айылынын тургуну Равшанбек Турдакунов. Ал узундугу 5 метр болгон 6 даана курулушка керектелүүчү темирди уурдап сатып жаткан жеринен кармалган. Ал буга чейин да ишканадан бир нече курулуш каражаттарын сатып жиберген. Жалал-Абад ОИИБи билдиргендей, окуя боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек. 
Айта кетсек, айыпталып жаткан Турдакунов 2010-жылдан кийин аталган ишканага убактылуу жетекчилик кылып турган. Буга чейин кайтарылбаган мекеме учурда шаар бийлигинин көзөмөлүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан