Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Түркия элчилигинин соода боюнча кеңешчиси менен жолугушту

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов Түркия элчилигинин соода боюнча кеңешчиси Чагатай Өзден менен бүгүн, 25-июлда жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуу жана 2012-жылдын 4-апрелинде өкмөттөр аралык кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 6-отурумунда кабыл алынган протоколдо бекитилген бажылык кызматташуу боюнча иш чаралардын аткарылышы талкууга алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары тараптар 2013-жылы өткөрүүгө пландаштырылган  өкмөттөр аралык кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 7-отуруму боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында Жунусов Түркия тарап менен Мамлекеттик бажы кызматы мындан ары да активдүү кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан