26-июлда Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcы шайланат

26-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады. Айыл өкмөт башчылык кызматына Осипа Байкова, Нурлан Дайыргазы уулу жана Уланбек Бердигулов талапкерлигин коюшкан. Айыл өкмөт башчысы жашыруун добуш берүү аркылуу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланат. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан