Бишкекте жаш ишкерлер бизнес-пландары менен тааныштырат
Бүгүн, 26-июлда саат 13:00дөн 18:00гө чейин
Бишкектеги Кой-Таш айылындагы туристтик борбордо ишкерлик лидерлик боюнча жүрүп
жаткан жайкы лагердин катышуучулары өздөрүнүн бизнес-пландары менен
тааныштырат. Анда катышуучулар бизнес эксперттерден жана ийгиликтүү ишкерлерден
кайтарым байланыш ала алышат. Бишкек ишкердик клубу тарабынан уюшулуп жаткан
иш-чара 20-27-июль күндөрүнө белгиленип, ага Ош,
Жалал-Абад облустарынан, Кара-Балта жана Бишкек шаарларынан келген 20дай жаш
улан-кыздар катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө
жаш ишкерлер ишкерликтин сырлары, ишкананы башкаруу, ишкерликти пландаштыруу,
ишкерликтин түрлөрү, мыйзам маселелери, өкмөт менен кызматташуу боюнча окуу
курстарын өтүү менен өздөрүнүн баштапкы иштелип чыккан бизнес-пландарын андан
ары жакшыртыша алышмакчы. Лагердин алкагында ишканалар менен таанышуу, ишке
байланыштуу оюндарды ойноо жана жөө саякатка чыгуу каралган. Бул лагерь Кыргызстанда
стабилдүү жана демократиялык коомду курууга жаш муундарды тарткан “jasa.kg”
программасынын бир бөлүгү.