Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына 25-июлда кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-июнда кабыл алынган. Ал КРнын Жазык-процесстик кодексиндеги айрым ченемдердин тексттеринин мамлекеттик жана расмий тилде шайкеш келбегендигин жокко чыгарууга багытталган. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстин расмий тилдеги текстке шайкеш келтирүү каралган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.