Кыргызстандагы бардык медициналык окуу жайларды бириктирүү демилгеленүүдө
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева
Кыргызстандагы бардык медициналык окуу жайларды бириктирип, бир гана Кыргыз мамлекеттик
медициналык академиясын калтыруу керектигин медициналык кызматкерлерди даярдоо
боюнча 25-июлда өткөн жыйында айтты. Айтымында, учурда өлкөдө 6 медициналык
окуу жай бар. “Жыл сайын бул окуу жайларга тапшырып жаткан жарандардын саны
көбөйүүдө. Ошондуктан билим берүү сапатын көзөмөлгө ала албай жатабыз. Жыл
сайын медициналык окуу жайлар билими төмөн адистерди даярдоодо. Көпчүлүк
медициналык окуу жайларда тиешелүү техникалык жана окуу базалары жок.
Ошондуктан билим берүү сапаты төмөн болуп жатат”,- деди министр.