Рейд учурунда Бишкектеги автотоктотмолордун бири санитардык талаптарга жооп бербейт деп табылды

Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери шаардын тазалыгы боюнча кезектеги рейдди жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө 7-кичи райондогу Б.Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайдын айланасында санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбастыгы аныкталды. Кургак тиричилик таштандылары баш аламандыкта жыйылып, жөнөкөй санитардык талап сакталбайт. Инспекциянын кызматкерлери тарабынан унаа токтотмонун ээси Эркинбек уулу Искендердин атына КРнын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол толтурулуп, чара колдонуу максатында Октябрь райондук административдик комиссиясына жиберилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан