3 күндүн ичинде өлкөдө 214 гектар жердеги кара куурай жок кылынды

Республика боюнча 3 күндөн бери өткөрүлүп жаткан “Кара куурай” рейдинин жүрүшүндө 214 гектар талаада өскөн жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда билдирди. Рейд жүргүзүүнүн алдында атайын 600 кишиден турган 100 топ түзүлүп, республика боюнча 137 000 гектар жерде кара куурай өсөрү аныкталган. Бишкек шаарында 1 гектар, Жалал-Абад облусунда 24 гектар, Ош облусунда 12 гектар, Ысык-Көл облусунда 163 гектар, Талас облусунда 10 гектар жана Чүй облусунда 4 гектар кара куурай жок кылынды. Алардын жалпы салмагы 150 тоннаны түзгөн. Аталган рейд ИИМ тарабынан жүргүзүлүп, ага жергилктүү тургундар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын кызматкерлери катышууда. Аталган рейд 28-июлга чейин уланмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан