Казакстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыздоого каражат бөлүндү

Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары Казак өкмөтү өлкөдөгү көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыздоону колго алганын жазууда. Маалым болгондой, мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн 100 миллиард теңге бөлүндү. Бул тууралуу 12-мартта Астана шаарында өткөн өкмөттүн отурумунда биринчи премьер-министр Алихан Смаилов билдирген.

Буга чейин Казакстандагы көп балалуу энелер турак-жай менен камсыздоо талабын айтып акцияга чыгышкан. Алар февраль айында 5 бир тууган кыздар иске ууланып каза болгондон кийин акцияга чыгышып, көп балалуу үй-бүлөлөргө көңүл бурулушу керектигин талап кылышкан.

Алихан Смаилов өкмөттүк отурумда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын съездинде социалдык камкордук чараларын айткандыгын, аны ишке ашырууга 444 миллиард 300 миллион теңге бөлүнгөнүн белгилеген. Бул каражаттын ичинен 100 миллиард теңге аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн турак-жайларды курууга, 224 миллиард 300 миллион теңге жардамга муктаж болгон жарандарды социалдык колдоого алууга жумшалат. Мындан тышкары 90 миллиард теңге аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө чыгымдала турган болсо, “Айыл-Эл бешиги” деп аталган долбоор үчүн 30 миллиард теңге жумшалары жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Qwer007
2019-03-13 09:42:30
Окмот деген ушуну болсо..мен Алматыда турам ар бир балага 24000тг(4500сом) пособие, жаны торогон аялга суйюнчу пул 1000долл жана 4 баладан ашкан уй булоого уй берилет..
+3
Qwer007
2019-03-13 09:47:33
Айланайын биздин окмот силерда ушундай иштегилечи мигранттар оздору эле кайтат...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан