Бүгүн, 26-июлда экс-мэр Нариман Түлеев боюнча соттук отурум уланат. Анда Түлеев жана анын мурунку кесиптештерине карата өкүм чыкмакчы. Учурда Ленин райондук сотунун имаратын аскер кызматкерлери жана милиция кызматкерлери курчап, иттери менен турууда. Эске салсак, Түлеевге жана шаардык мэриянын бир катар экс-кызматкерлерине 2012-жылы 29-октябрда айып тагылган. Алар коррупциялык иштер боюнча күнөөлөнүп жатат.